super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Казакстан экинчи күмүш медалын алды

 

Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде казакстандык спортчу Демеу Жадраев Олимпиадада күмүш медалга ээ болду.

Мелдештин финалында Жадраев Азия чемпиону жана дүйнөлүк рейтингдин лидери япониялык балбан Нао Кусака менен кез келди.

Анын жеңиши Казакстан курамасына алтынчы медалды алып келди.

Буга чейин дзюдочу Элдос Сметов алтын медаль тагынса, гимнаст Нариман Курбанов күмүш медалга ээ болду.

Ал эми коло медалдарды дзюдочу Гусман Кыргызбаев, бокс боюнча кыз-келиндердин өкүлү Назым Кызайбай, ошондой эле аралаш жуп аткычтар Ислам Сатпаев менен Александра Ле алып келишти.

Белгилей кетсек, чейрек финалда кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен Демеу Жадраев чейрек финалда кез келишип, Махмудов жеңилүү ызасын тартып калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: