super.kg logo
  Спорт  

"Ордуларынан тура калышып". Казак балбандары Акжол Махмудовго күйөрмандык кылган видео тарады

 

Коңшу казакстандык балбандар Париж Олимпиадасын чогуу бир жерде көрүшүп, анда кыргыз балбаны Акжол Махмудовго жан үрө күйөрмандык кылышты. Алардын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Алар Акжол Махмудов азербайжандык атаандашына упай алдырганда ордуларынан тура калышып, кайра "упайлардын сапаты боюнча Акжол утуп жатат, баары жакшы" деп өздөрүн жооткотушту.

Күйөрмандык кылгандардын арасында эки жолку Азия чемпиону Алмат Кебиспаев дагы бар.

Белгилей кетсек, кечээ, 7-августта Париж Олимпидасанын коло байгеси үчүн болгон беттеште Акжол Махмудов азербайжандык Санан Сулейманов менен күрөшкөн. Анда Акжол атаандашын 6:5 эсебинде жеңип, коло байге утту.






"Ордуларынан тура калышып". Казак балбандары Акжол Махмудовго күйөрмандык кылган видео тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: