super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Дагы бир атактуу балбан карьерасын жыйынтыктады

 

Коңшу өзбекстандык атактуу балбан Рустам Ассакалов Париждеги Олимпиада оюндарынан кийин карьерасын жыйынтыктады.

Ал кечээ, 7-августта 97 килограмм салмакта коло байге үчүн кубалык Габриэл Росильо менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңилип калды. Жеңилүүсүнөн кийин эле Рустам Ассакалов килемдин үстүнө спорттук бут кийимин чечип, күрөштөгү карьерасы бүткөнүн жарыялады.

40 жаштагы Рустам Ассакалов 2015-жылы Лас-Вегаста өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш, 2019-жылы Астанада өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло байге уткан. Ал ошондой эле Азиянын 4, Азия оюндарынын 1 жолку жеңүүчүсү.

Буга чейин ушул эле Париж Олимпиадасында кубалык атактуу балбан Михаин Лопес дагы карьерасын жыйынтыктаган. Ал Парижде 5-алтын медалын катары менен утту. Мындай көрсөткүч күрөш боюнча тарыхта боло элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: