super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Дүйнөлүк рекордсмен финишке аз калганда эс-учун жоготту (видео)

 

Эфиопиялык жөө күлүк, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Ламеха Гирма Париждеги Олимпиадада 3000 метрге тоскоолдуктарды ашып чуркоодо финишке жетпей калды.

Гирма жарышта лидерлердин катарында келе жаткан. Ал акыркы тоскоолдуктардын бирине бутун илип калып, андан кийин жыгылган. 23 жаштагы спортчу жыгылган жеринде эс-учун жоготуп, аны "Тез жардам" кызматы алып кетти.

Ламеха Гирма Доха, Орегон жана Будапештте өткөн Дүйнө чемпиондуктарында күмүш байгелерди уткан. Ал ошондой эле бул аралыкта дүйнөлүк рекордду койгон (7 мүнөт 52,11 секунд).






Париж Олимпиадасынын финалында дүйнөлүк рекордсмен эс-учун жоготту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: