Париж-2024: Трансгендер делген мушкерге жеңилген түркиялык спортчу рингден эле күтүүсүз иш-аракет жасады (видео)
Түркиялык мушкери Эсра Йылдыз Кахраман Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалында гендердик жаңжалга кабылган тайвандык Лин Юй-Тингге утулуп, коло байге утту.
Беттештен кийин түркиялык мушкер колу менен Х тамгасын көрсөттү. Х тамгасы аялдардын хромосомаларын билдирет. Муну менен түркиялык мушкер аялдар спортундагы эркек генетикалык өзгөчөлүгү бар спортчуларга нааразычылыгын билдирди.
Бир жыл мурун Лин Юй-Тинг менен алжирлик Иман Хелиф Дүйнө чемпиондугунда гендердик тесттен өтпөй калган. Аларда Х хромосомасына караганда эркектерде көп кездешке Y хромосомасы көп болгон.
Бирок буга карабай Эл аралык Олимпиада комитети эки спортчуга Париж Олимпиадасына катышууга уруксат берген.
Түркиялык мушкердин иш-аракети
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.