super.kg logo

Сот Камчы Көлбаевдин апасын 7 жылга эркинен ажыратып, бир жылдык шарттуу жаза берди

 

Бүгүн, 8-августта Бишкектин Октябрь райондук соту кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиевага карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, райондук сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратып, бир жылдык шарттуу түрдө жаза чегерди. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган.

Алиеванын адвокаты Бактыбек Жумашев Мая Алиева Пробация департаментине каттоого турушу керектигин, түрмөгө камалбай турганын айтты. Ошондой эле бул өкүмгө каршы шаардык сотко арызданарын кошумчалады.

Буга чейин маркум кримтөбөл Көлбаевдин туугандары президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышып, апасына козголгон кылмыш ишин адилеттүү карап берүүнү өтүнүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: