Акжол Махмудовдун атаандашын көтөрүп чапкан сүрөтү Париждин көчөлөрүндө пайда болду




Париждин көчөлөрүндө грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде Акжол Махмудов менен Санан Сулеймановдун коло медаль үчүн кармашынын сүрөтү пайда болду.
Сүрөт Parisienne Projections долбоорунун алкагында жарыяланган. Бул эң ири эл аралык фотоагенттиктердин бири Getty Images долбоору, анын алкагында Олимп оюндарынын катышуучуларынын сүрөттөрүнүн проекциялары Парижде жайгаштырылат.
Жыйынтыгында Акжол менен Санандын коло үчүн болгон кармашындагы сүрөт Getty Images фоторедакторлору тарабынан мыктылардын бири катары тандалды.
Белгилей кетсек, кечээ, 7-августта Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында коло байге үчүн беттешип, жеңишке жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.