Париж-2024: Амантур Исмаилов сербиялык балбанды укмуштуудай жеңди (видео)
Кыргыз балбаны Амантур Исмаилов Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Кыргыз балбаны чейрек финалда украиналык Парвиз Насибовго жеңилип калган. Украиналык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу Амантур Исмаилов көңүл жубатуучу беттешке чыкты.
Анда ал сербиялык Мате Немеш менен кез келди. Амантур атаандашын 1 мүнөттүн ичинде 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Эми кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөштө азербайжандык Хасрат Жафаров аттуу балбан менен кез келет.
Амантур Исмаилов сербиялык балбанды укмуштуудай жеңди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.