super.kg logo
  Спорт  

"Алдыда алтын медаль алышыңар керек". Садыр Жапаров коло медаль уткан Акжол менен Үзүрдү куттуктады

 

Бүгүн, 8-августта президент Садыр Жапаров Олимпиадада коло медаль уткан кыргыз балбандары Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбековду телефон аркылуу куттуктады.

"Коло медаль алсаңар да кыргыз элиңер, Кыргызстаныңар силерди алтын уткандай жакшы көрөт. Ошондуктан көңүлүңөрдү чөгөрүп, башыңарбы ийбегиле. Эң негизгиси эли-журтуңардын сыйынан, сынынан кетпесеңер болду. Алтын медалдан артык алтын башыңар аман болсун. Спортту жакшы түшүнгөн адам катары айтайын, ар дайым жеңиш эле боло бербейт, татыктуу жеңиле да билиш керек. Дүйнө жүзү силерди грек-рим күрөшүн көркүнө чыгарган чыгаан балбандар катары жакшы тааныйт, сыйлашат. Ушуну унутпагыла. 3-орун дагы барктуу орун. Коло алдым деп капа болбогула. Баары Кудайдын колунда", - деди Жапаров.

Өз сөзүндө өлкө башчы спортчуларды кийинки оюндарга жакшылап даярданып, алтын медаль алышы керектигин айтты.

"Алдыда дагы кыл чайнашкан беттештериңер турат, ага да жакшы даярданып, мыктылыгыңарды далилдеп, алтын медалдарды алышыңар керек. Муну баары чыдамсыздык менен күтүп жатат. Силер баатыр Манастын тукумусуңар, муну эстен чыгарбагыла", - деди Садыр Жапаров.






Садыр Жапаров Акжол менен Үзүрдү куттуктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: