super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарына Борбордук Азия мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, сапардын алкагында Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев;
- билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;
- транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;
- энергетика министри Таалайбек Ибраев;
- юстиция министри Аяз Баетов;
- Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;
- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев;
- экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: