super.kg logo
  Саясат  

 Садыр Жапаров президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлерин куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында президенттин иш башкармалыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада куттуктоо сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы чогулгандардын бардыгын маанилүү окуя менен куттуктап, эгемен Кыргызстандын тарыхы тагдыр чечер оош-кыйыш окуялар, өнүгүү жолуна түшүүдөгү түмөн түйшүктүү иш-аракеттер менен коштолуп келгенин белгиледи.

Чогулгандарга кайрылып жатып, Садыр Жапаров учурда баары бир багытта - жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бара жатканын өзгөчө белгиледи. Ушул тарыхый учурда өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу шыбагасы президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлеринин маңдайына жазылганын айтып өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: