super.kg logo

Камчы Көлбаевдин аялына издөө жарыяланды

 

Бүгүн, 8-августта Бишкектин Октябрь райондук соту маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин аялы Нурия Тентешовага карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, райондук сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратып, издөө жарыялаган. Эми ал кармалары менен СИЗО-1ге киргизилип, кийин абакка которулат. Ошондой эле сот Тентешованын мүлкүн конфискациялоо менен бирге эки жылга чейин ишкердик менен алектенүү укугунан ажыраткан.

Буга чейин Көлбаевдин апасына өкүм чыкканы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: