super.kg logo
  Саясат  

 Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборунда жыйын өткөрдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 8-августта Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө ЖЭБдин алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыгынын негизги аспектилери каралып, шаарды жылуулук менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыздоо чаралары, оңдоо иштеринин жүрүшү, модернизациялоо, эффективдүүлүктү жогорулатуу жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Жапаров борбор калаанын тургундарын кыш мезгилинде жылуулук менен ишенимдүү камсыз кылуу үчүн бардык системаларды жана инфраструктураны өз убагында даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Объектилерди даярдоону тездетүү, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана оңдоо иштеринин жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Өкмөт башчы ошондой эле ЖЭБдин аймагында жайгашкан “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал өндүрүштүк жайларын карап чыгып, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү маселелерине токтолду. Бул завод саатына 180 тоннага чейин продукция чыгарат.

Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда болгон жумушчу жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: