Париж-2024: Бекзат Алмаз уулу медаль утууга мүмкүнчүлүк алды
Кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Кыргыз балбанынын Олимпиададагы жүрүшү ал чейрек финалда жеңилген америкалык Спенсер Лиден көз каранды болчу. Спенсер Ли жарым финалда өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 14:4 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты.
Буга байланыштуу Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Көңүл жубатуучу беттеште Бекзат кытайлык, аны жеңсе өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен күрөшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.