super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты

 

Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу бокстан жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп, финалга чыкты.

Эми ал финалда өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен беттешет.

Финалдык беттеш 11-августта өтөт.

Белгилей кетсек, бокс боюнча 57 килограммга чейинки салмакта катышкан Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштаган. Анда кубалык Орта Родригез менен беттешип, 3:2 эсебинде атаандашын жеңип, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда кыргыз мушкери 2021-жылы дүйнө чемпиону болгон америкалык Жамал Харви менен беттешип, аны дагы 3:2 эсебинде жеңген.

Муну менен Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарынын финалына чыккан алгачкы кыргыз мушкери болуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: