super.kg logo
  Спорт  

“Намысты алдырба, уулум!” Камчыбек Ташиев Мунарбек Сейитбек уулуна беттеш алдында дем берди (видео)

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында бокс боюнча жарым финалдык беттештин алдында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу менен сүйлөштү.

Анда Ташиев кыргыз мушкерине дем берип, ийгилик каалады.

"Мунарбек, уулум, сен буга чейин өзүң, жакындарың үчүн мушташып келсең, эми бүгүнкү мелдеште бүт кыргыздын намысын коргойсуң. Бүтүндөй кыргыздын намысы азыр сенин колуңда турат. Намысты алдырба, уулум. Бүгүнкү мелдешиң мамлекет үчүн болуп жатат. Ушуну эстен чыгарба! Болбой бара жатканда тиштенип туруп, ачууңду келтирип, кыргызча кылып туруп согушуң керек. Макулбу, уулум?Биз сага ишенебиз! Сен биздин баатырыбызсың! - деди атайын кызматтын төрагасы.

Белгилей кетсек, Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында 9-августка караган түнү кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу бокстан жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп, финалга чыкты.

Эми ал финалда өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен беттешет.

Финалдык беттеш 11-августта өтөт.






Камчыбек Ташиев Мунарбек Сейитбек уулуна беттеш алдында дем берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: