Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Мурадыл Мадеминов "Кумтөрдүн" талкуусунда мушташа кетишти
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Мурадыл Мадеминов


Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Мурадыл Мадеминов



Бүгүн, 26-декабрь күнү Жогорку Кеңештеги "Кумтөр" боюнча маселени кароодо депутаттар Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен") менен Мурадыл Мадеминов (КСДП) мушташа кетишти. Окуя экономика министри Темир Сариев сүйлөп жаткан учурда орун алды.
кошулду
Автор: Эльвира Караева
"Кумтөр"
боюнча макулдашуунун шарттары тууралуу маалымат берип жаткан экономика министри
Темир Сариев "2026-жылы калдык сактаган жайдын ээси Кыргызстан болот"
деген жерине келгенде Өмүрбек Текебаев нааразылыгын билдире баштады. Мурадыл Мадеминов Текебаевге кайрылып: "Сиз бизге уктурасызбы? Министр сүйлөп бүтсүн" деди.
Буга Өмүрбек Текебаев: "Ушундай кошоматчылардын айынан өлкөгө пайдасы жок макулдашууларга кол коюлуп келди",- деп жооп узатты. Айтыша кетишкен депутаттар бири-бирине кол көтөрүүгө барып, экөөнү кесиптештери ажыратып калышты.
кошулду
Текебаев менен Мадеминов мушташа кетти
ЖКнын депутаттарынын мушташы
ЖКнын депутаттары "Кумтөр" боюнча маселени кароодо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

