Париж-2024: Бүгүн кайсы балбандар килемге чыгат?
Бүгүн, 9-августта Париждеги Олимп оюндарында кыргызстандык үч балбан Айсулуу Тыныбекова, Айаал Лазарев жана Бекзат Алмаз уулу килемге чыгат.
Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев турнирде алгачкы беттештерин өткөрөт.
Ага ылайык, Айсулуу Тыныбекованын атаандашы нигериялык Эстер Колаволе болмокчу.
125 килограмм салмакта күч сынаша турган Айаал Лазарев ирандык Амир Хоссейн Заре менен кез келет.
Ал эми Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн көңүл жубатуучу таймашта кытайлык Цзоу Ванхао менен күрөшөт. Беттеш саат 15:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.