Париж-2024: Медалдардын саны боюнча рейтинг жаңыланды



Париж шаарында өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында АКШ медалдардын саны боюнча лидерликке чыкты.
Бүгүн, 9-август Бишкек убактысы боюнча саат 9:43кө карата АКШ 30 алтын, 38 күмүш жана 35 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга Кытай 29 алтын, 25 күмүш, 19 коло медалы менен жайгашса, Австралия 18 алтын, 14 күмүш жана 13 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Ал эми Кыргызстан 1 күмүш, 3 коло медалы менен 65-саптан орун алды.
Белгилей кетсек, Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган жана 11-августка чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.