super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Өзбекстан үчүнчү алтынын алды

 

Өзбек мушкери Хасанбой Дусматов Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында бокстан 51 килограммга чейинки салмакта чемпион болду.

Ал финалдык беттеште Франциянын мушкери Биллал Беннама менен кез келип, беттеш 5:0 эсебинде өзбекстандык спортчунун жеңиши менен аяктады. Муну менен Хасанбой Дусматов өз өлкөсүнүн куржунуна 3-алтын байгени алып келди. 31 жаштагы мушкер 2016-жылы Рио-де-Жанейро Олимпиадасында да чемпион болгон.

Учурда коңшу өлкөнүн капчыгында 3 алтын жана 2 коло бар. Муну менен жалпы медалдардын саны боюнча 18-орунга жайгашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: