super.kg logo
  Спорт  

"Кыйынчылыктар болду..." Акжол Махмудов Париждеги жеңишинен кийин билдирүү жасады

 

Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынан коло байге уткан Акжол Махмудов жеңишинен кийин журналисттерге кыска маек берди. Ал кийинки Олимпиадада алтын аларына үмүттөнөрүн айтты.

"Чынын айтсам, азырынча анализ жасагым келбей турат. Турнир бүткөндө Кыргызстанга барганда машыктыруучулар менен сүйлөшөбүз. Тоскоолдуктар болду, бирок майда-чүйдөсүнө чейин эч нерсе айтпай турайын. Бул спорт. Кээде жеңилүү, кээде жеңиш болот. Бүгүнкү күндө эмнеге ээ болсом, ошого ыраазымын", - деди кыргыз балбаны.

Белгилей кетсек, 7-августта Париж Олимпидасынын коло байгеси үчүн болгон беттеште Акжол Махмудов азербайжандык Санан Сулейманов менен күрөшкөн. Анда Акжол атаандашын 6:5 эсебинде жеңип, коло байге утту.






Акжол Махмудовдун Париждеги жеңишинен кийинки билдирүүсү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: