super.kg logo
  Спорт  

Улуттук Олимпиада комитети Париждеги спортчулардын шарты боюнча үн катты 

 

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылыч Сарбагышев Париждеги спортчулардын жашоо шарты, Олимп оюндарына барган айрым аткаминерлер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, спортчулар бардык тамак-аш менен жетиштүү камсыз болгон.

"Биринчи күндөрү Олимпиада айылчасындагы ашканада кезек болду. Уюштуруу комитети атлеттердин кайрылууларын эске алып, тамак-аштын көлөмүн жана сапатын жакшыртты. Машыктыруучулардын айтымында, учурда салат, жер-жемиш, мөмө-жемиш жана экинчи тамактар жетиштүү. Мындан сырткары Улуттук Олимпиада комитети спортчулар үчүн шорпо, бышырылган малдын жана тооктун эти сыяктуу улуттук тамактарды кошумча уюштурду", - деди Сарбагышев.

Ошондой эле ал машыктыруучулардын суранычы менен спортчулар бир жана эки кишилик бөлмөлөргө жайгаштырылганын, 16 спортчуга эки дарыгер, эки массажист бар экенин кошумчалады.

Ал Париж Олимпиадасында жүргөн айрым аткаминерлер иш сапар менен барса, айрымдары өз каражаты менен барганын айтты.

Социалдык тармактарда Париж Олимпиадасына барган спортчулардын тамак-ашы туурасында талкуу болуп жатат.

Ошондой эле кыргыз балбандарында диетолог, психологдор жок экени айтылып, бул көпчүлүктү нааразы кылган.

Бүгүн, 9-августта өлкө башчы Садыр Жапаров бул боюнча айтылган сындарга жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: