super.kg logo

"Ай-буйга келтирбей". УКМК Эркин Мамбеталиевди кармаган видеосун жарыялады

 

УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин кармалышы боюнча маалымат берди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Мамбеталиевдин кримтөбөл Рысбек Акматбаевге жана Камчы Колбаевдин тобуна тиешеси болгон.

"Ал криминалдык чөйрөсүндөгү байланыштарын колдонуп, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди адалдап, көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу унааларды жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери жок болгон", - деп айтылат маалыматта.

УКМК анын ок атуучу бардык куралдары алынып, 4 миллион доллардан ашык мыйзамсыз жол менен табылган мүлкү аныкталганын билдирди.

Учурда Эркин Мамбеталиев Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топко катышуу) боюнча Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 8-августта Эркин Мамбеталиев Бишкекте УКМК тарабынан кармалганы кабарланган.






Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин кармалган видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: