super.kg logo

Бангладештин экс-премьер министринин уулу апасы өлкөгө кайтып барарын айтты

 

Бангладештин мурдагы премьер-министри Шейх Хасинанын уулу апасы мекенине убактылуу өкмөт өлкөдө шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алгандан кийин кайтып барарын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Учурда ал Индияда. Убактылуу өкмөт өлкөдө шайлоо өткөрүүнү чечери менен кайтып барат", - деген Саджиб Вазед Жой.

Ошондой эле ал апасы башка өлкөдөн саясий башпаанек издебей турганын кошумчалаган.

Эске салсак, Бангладештин мурдагы премьер-министри Хасина нааразылык акцияларынан кийин кызматынан кетип, өлкөдөн чыгып кеткен. Айрым басылмалар ал Англиядан башпаанек сурап кайрылганын жазышкан болчу. Ал арада Бангладеште "Нобель" Тынчтык сыйлыгынын лауреаты 84 жаштагы Мухаммад Юнус жетектеген убактылуу өкмөт түзүлгөн.

Июль айында тутанган нааразылык акцияларында 300дөн ашуун адам каза болгону айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: