Казак спортчусу Елдос Сметовго дагы бир унаа беришти. Спортчу унааны ошол эле жерден башкага берди





ХХХIII Жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, казакстандык дзюдочу Елдос Сметов өзү туулуп-өскөн районго барды.
Аны Кулан айылынын тургундары салтанаттуу тосуп алышкан. Жердештери дзюдочуга Haval M6 унаасын беришкен. Бирок спортчу унааны ошол эле жерден биринчи машыктыруучусу Ахмет Жумагулуга берди.
Белгилей кетсек, Елдос Сметов Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 60 килограмм салмакта дзюдо боюнча алтын байге уткан.
Татами чебери 2016-жылы Риодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш, ошондой эле Токиодо өткөн төрт жылдыктын негизги оюндарында коло байгени алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.