super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарында салтка айланып келе жаткан куран окуу сынагы башталды

 

Ош шаарынын Жапалак айылдык мечитинде жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 20-декабрдан баштап 2014-жылдын 20-февралына чейин куран окуу сынагы жүргүзүлмөкчү. Сынактын катышуучулары жаш өзгөчөлүктөрүнө карай үч китепти – Куран (Муаллим Сани, 30-пара тажуиди менен), Фикх (Ислам укугу, Ислам шариятына тиешелүү парз, ваажип, сүннөт) жана Мухаммед (САВ) пайгамбардын өмүр баянын окуу боюнча күч сынашат. 

Сынактын жыйынтыгы 20-февраль күнү атайын комиссиянын мүчөлөрү тарабынан аныкталат.

Алдынкы 1-2-орунду ээлеген жарандарга умра сапарына жолдомо берилет. Ал эми 3-8-орундарды ээлеген жарандарга Түркия мамлекетине саякаттап келүүгө жолдомо ыйгарылат. Сынактын 15 катышуучусуна Бишкек шаарына жолдомо берилет. Аталган сынак жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосунда өткөрүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: