Париж-2024: Бекзат Алмаз уулу атаандашын укмуштуудай көтөрүп чапты (видео)
Кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Кыргыз балбаны көңүл жубатуучу беттеште кытайлык балбан менен кез келип, укмуштуудай көтөрүп чаап, далысын жерге таза басып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Муну менен Бекзат Алмаз уулу Париж Олимпиадасынын коло байгеси үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Коло байге үчүн Бекзат Алмаз уулу өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен кез келет.
Бул беттештер бүгүн, 9-август күнү Бишкек убактысы боюнча 23:30да башталат.
Бекзат Алмаз уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.