super.kg logo

Кыргызстан менен Тажикстандын энергетика министрлери “CASA-1000” долбоорун талкуулашты

 
Бүгүн, 9-августта энергетика министри Таалайбек Ибраев Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын энергетика министри Далер Шофакир Жума менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен кабарлады.
Анда эки өлкөнүн министрлери “CASA-1000” Борбор Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору боюнча сүйлөшүү жүргүздү.
"Аталган долбоор Борбор Азиянын энергетикалык системасын Түштүк Азия менен байланыштырууга багытталган жана ушул жылдын соңунда ишке киргизүү пландалган.
Учурда өлкөдө CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу уланып жатат. Бул долбоор боюнча 456 чакырым болгон 500 кВ аба чубалгысын куруу иштери кызуу жүрүүдө.
Атап айтсак, 500 кВ “Датка” көмөк чордонунда уячаны куруу толугу менен бүткөрүлдү. Тирөөчтөр толук орнотулуп, 428 чакырым аба чубалгысы тартылды. Курулуш иштери толугу менен август айынын соңунда бүтөт", - деп жазылат анда.
Эки тарап бири-бирине электр энергиясын берип көрүү жолу аркылуу тартылган аба чубалгыларын, трансформаторлорду, көмөк чордондорду сыноодон өткөрөт. Сыноодон өткөн соң толук ишке киргизүү иш-чарасы орун алат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: