super.kg logo

Париж-2024: Олимпиадага барган дагы бир чиновник каза болду

 

Африкалык футбол конфедерациясынын (CAF) мурдагы жетекчиси жана ФИФАнын убактылуу президенти болгон Исса Хаяту дүйнөдөн кайтты. Маалыматты ФИФАнын президенти Жанни Инфантино тастыктады.

Камерундук чиновник 77 жашта болчу. Ал Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында ардактуу конок катары жүргөндө каза болгон.

"ФИФАнын мурдагы президенти жана ФИФА Кеңешинин мүчөсү Исса Хаятунун дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен билдиребиз. Спорттун күйөрманы болгон ал өмүрүн спортту башкарууга арнаган. ФИФАнын атынан анын үй-бүлөсүнө, досторуна, мурдагы кесиптештерине жана аны тааныгандардын баарына көңүл айтам", - деп жазды Инфантино.

Хаяту Африка футбол конфедерациясын 1988-жылдан 2017-жылга чейин жетектеген. 2002-жылы ФИФАнын президенттик шайлоосунда Йозеф Блаттерге утулуп калган. Хаяту 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын февралына чейин коррупциялык жаңжалдан жана Блаттердин отставкасынан кийин ФИФАнын убактылуу президенти болуп иштеген. Камерундук жаран мындан тышкары 2001-жылдан 2016-жылга чейин Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү болгон.

Бул Париждеги чиновниктердин биринчи өлүмү эмес. Кечээ, 8-августта коңшу казакстандык, Алматынын спорт башкармалыгынын жетекчиси Эрден Хайруллин Парижде каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: