"Сел сууларынан коргойт". Ошто куткаруучуларга демөөрчүлөр жаңы жабдыктарды тапшырды (видео)
Бүгүн, 9-августта ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы "Альфа Ойл" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жаңы куткаруу шаймандары менен камсыз болду. Бул туурасында министрликтин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, демөөрчүлөр тарабынан 30 даана куткаруучуларга атайын суу өткөрбөөчү кийим жана сел, суу ташкындарында куткаруучуларга эң керектүү болгон 6 даана мотопомпа өздүк курамга тапшырылды.
Чакан салтанатка башкармалыктын башчысы Алтынбек Абылаев жана өздүк курам катышып, бүгүнкү колдоо үчүн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиришти.
Куткаруучуларга жабдык берилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-07-16
9:20
2025-07-16

22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.