super.kg logo
  Спорт  

Париж Олимпиадасында күрөшкөн балбан кармалды

 

Париж Олимпиасында күрөшкөн египеттик балбан Париждин көчөлөрүнүн биринде полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал түнкү саат 03:00 чамасында Париждеги барлардын биринде мас абалында чыгып, көчөдө өтүп бара жаткан кызды жамбашка чапкан. Кыз полицияга кайрылып, полиция балбанды мас абалында жүргөн жеринен кармаган.

Париждин прокуратурасы "сексуалдык ыдык" фактысы боюнча иликтөө баштады. Олимпиадада күрөшкөн балбан учурда камакта.

Египеттик кайсы балбан кармалганы так айтылган жок.

Бул Париждеги Олимпиада учурундагы сексуалдык зомбулук боюнча биринчи арыз эмес. 31-июлда хорватиялык дзюдочу Барбара Матичтин атасы Олимпиада оюндарынын ыктыярчысына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталып, полициянын тергөө абагына камалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: