super.kg logo
  Саясат  

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары бир катар документтерге кол койду

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-августта Астанада Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна катышты. Иш-чара Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюп, кабыл алышты:

1. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Борбор Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү.

2. “Борбор Азия-2040” аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы.

3. 2025-2027-жылдарга аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жол картасы.

4. "Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө" Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусунун чечими.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: