super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Кыргызстан Олимпиада бүтө электе эле тарыхый рекорд жаратты

 

Кыргызстан Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча өзүнүн рекордун жаңылады.

Тагыраагы кыргыз спортчулары Олимпиада бүтөрүнө 2 күн калганда 1 күмүш, 3 коло медаль утту. Буга Мунарбек Сейитбек уулунун медалы кошулган жок. Себеби ал расмий түрдө медаль тагына элек, бирок жок эле дегенде дагы бир күмүш бар, албетте алтын күтөбүз.

Мындай жыйынтыкты Кыргыз курамасы жарата элек болчу. 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиадада Кыргызстан 1 күмүш, 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадада 1 күмүш, 2 коло, 2020-жылкы Токиодо өткөн Олимпиадада 2 күмүш, 1 коло байге уткан.

Кыргыз курамасында Олимпиада медалын утууга дагы мүмкүнчүлүк бар. Медаль үчүн бүгүн, 9-августта Бекзат Алмаз уулу күрөшөт.

Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты. Мындан тышкары Эрназар Акматалиев менен Сардана Трофимова дагы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: