super.kg logo

Кыргызстан Франция менен медицина тармагында кызматташат

 

Бүгүн, 9-августта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Францияга болгон иш сапарынын алкагында саламаттык сактоо министринин эл аралык кызматташтык боюнча орун басары Сен-Дени мырза менен жолугушту. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашкан.

“Негизги көңүл Эл аралык саламаттыкты сактоо эрежелерин ишке ашыруу, ден соолук коопсуздугун жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыздоо, иммунизациялоо программалары жана пандемия менен күрөшүү, медициналык реабилитация, эне жана баланын ден соолугуна кам көрүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы инновациялар, анын ичинде санариптештирүү, ошондой эле инвестициялык долбоорлор жана медициналык билим берүү маселелерине бурулду”, - деп кошумчаланган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: