super.kg logo
  Спорт  

Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгакта жаңы бокс ордосун ачты

 
Бүгүн, 9-августта, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында бокс ордосунун ачылыш аземине катышты. Бул туурасында Регион телеканалынын башкы директору Өткүрбек Рахманов билдирди.
Маалымдагандай, спорт ордосунун ордунда буга чейин эски спорт залы болуп, жергиликтүү балдар машыгып келишкен. Спортчулар үчүн керектүү шарттары жок болгон. Ал эми имарат 2005-жылдары ашар жолу менен курулуп, талаптарга жооп берген эмес. Машыктыруучу Бакытбек Рыскулов жергиликтүүлөрдүн атынан Камчыбек Ташиевге кайрылып, балдар үчун Бокс ордосун жаңылап куруп берүүсүн суранган.
"Үй-бүлөсүнүн каржылык колдоосунун негизинде заманбап жаңы Бокс ордосу бир айдын ичинде курулуп, бүткөрүлгөн.
Анда боксчулар үчун жана башка спортчулар үчүн машыгуу каражаттары толугу менен камсыздалган", - деп белгиленген маалыматта.
Кошумчалагандай, спорт мекемеси учурда 200гө жакын спортчуларды машыктырууга ылайыкташып, кабыл алууга даяр. Бокс боюнча өлкөнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Бакытбек Рыскуловдун жеке көзөмөлүндө машыгуулар өткөрүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: