super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын жыйынтыктап, Чолпон-Атага келди

 
Президент Садыр Жапаровдун 8-9-август күндөрү Казакстанга болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Сапардын биринчи күнүндө, 8-августта, мамлекет башчысы Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин жетекчилери менен бирге “Достук кечеси” гала-концертине катышты. Фольклордук-этнографиялык ансамблдер жана эстрада артисттери көрүүчүлөргө аймактын элдеринин жалпылыгын жана маданий жакындыгын ырастаган мазмундуу жана кызыктуу программа тартуулашты.
9-августта Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусуна катышты. Жыйынга Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Консультативдик жолугушууларынын форматы жогорку суроо-талапка ээ экенин жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого зарыл болгон кошумча дем берип жатканын канааттануу менен белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында өлкө башчылары аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп жактуу документтерге кол коюшту.
Андан кийин Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышты. Иш-чарада көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана аймактын экономикалык өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыздоого багытталган биргелешкен аракеттерди координациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Андан соң Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Ардак белгисин тапшыруу аземи болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон жумушчу сапарын аяктап, 9-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: