super.kg logo
  Спорт  

"Күчтүүсү утсун". Өзбекстандык секундант Мунарбек Сейитбек уулун финал алдында сыйлады (видео)

 

Бүгүн, 10-августта Өзбекстандык машыктыруучу, Париждеги Олимпиадада Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон Акмал Хасонов кыргыз мушкерине финал алдында барып жолугуп, өзбек чапанын жапты.

Социалдык тарамактарга анын барып жолуккан видеосу тарап жатат. Кадрда ал кыргыз мушкерине финалда ийгилик каалап, эки эл бир тууган экендигин айтып, күчтүүсү жеңсин деген тилегин билдирген.

Айта кетсек, Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп, финалга чыккан.

Эми ал финалда өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен беттешет. Финалдык беттеш бүгүн, 10-августтан 11не караган түнү саат 01:47де орун алат.

Белгилей кетсек, Хасанов Мунарбектин секунданты боло албай тургандыгы белгилүү болгон, анткени аны менен өзбекстандык мушкер алтын үчүн күч сынашат.






Өзбек секунтадын Мунарбек Сейитбек уулуна финал алдында жолугуп, ийгилик каалады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: