super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024. Бүгүн кыргыз спортчуларынан кимдер, саат канчада чыгат?

 

Бүгүн, 10-августта Парижде өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимп оюндарында Кыргызстандан беш спортчу күч сынашат. Кыргыз спортчулары эркин күрөш жана бокс боюнча медалдар үчүн беттешет.

Саат 15:00дө коло медалы үчүн жубатуучу бетешке 125 килограммдык салмактагы балбан Айаал Лазерев, Канаданын спортчусу Амарвир Десиге чыгат.

Ал эми саат 15:30да кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев 1/8 финалда Венгриянын балбаны Исмаил Масукаев менен күрөшөт.

Ага туташ эле 76 килограмм салмакта кыргыз балбан айымы Айпери Медет кызы 1/8 финалда кытайлык Ван Цзюань менен күч сынашат.

Ал эми 62 килограмм салмактагы балбан айым Айсулуу Тыныбекованын коло медалы үчүн беттешине 23:15те күбө боло аласыздар. Учурда анын атаандашы ким болору аныктала элек.

Ошондой эле бокс боюнча кыргыз спортунда тарых жаратып жаткан мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун финалда өзбек мушкери Абдумалик Халаков менен болгон беттеши орун алат. Ал Бишкек убактысы боюнча 11-августка караган түнү саат 01:47де башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: