Азаматсың! Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты
Бүгүн, 10-август күнү Париждеги XXXIII Жайкы Олимп оюндарынын кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеште Айпери Медет кызы жеңишке жетип, алгачкы атаандашын утуп алды.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограммга чейинки салмак категориясында алкачкы беттешин өткөргөн кыргыздын балбан кызы кытайлык Вэнь Цзюань менен күрөштү.
Кызыктуу беттештин жүрүшүндө Айпери Медет кызы 4:1 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен кыргыз балбан кызы Олимп оюндарынын чейрек финалына чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.