super.kg logo
  Спорт  

Парижде оор атлетика боюнча 20 жаштагы спортчу дүйнөлүк рекорд койду

 

20 жаштагы болгариялык Карлос Насар оор атлетика боюнча 404 килограмм салмакта түртүп көтөрүүдө дүйнөлүк рекорд койгон Олимпиада чемпиону болду.

89 килограммга чейинки салмактагы болгариялык Карлос Насар менен колумбиялык Ейсон Лопес баш байге үчүн күрөштү. Экөө тең 180 килограммга жеткиришти.

Лопес экинчи аракетинде 205 килограмм көтөрсө, үчүнчү аракетинде 210 килограммга чейин жогорулады.

Насар 213 килограмм менен экинчи аракетин баштап, андан кийин үчүнчү аракетинде 224 килограмм штанганы ийгиликтүү көтөрүп, дүйнөлүк жана олимпиадалык рекорддорду жаңылады. Натыйжада Насар 404 килограмм көтөрүп, ишенимдүү жеңишке жетти.

Колумбиялык Ейсон Лопес 390 килограмм жыйынтык менен 2-орунду алса, 384 килограмм менен италиялык Антонио Пиццолато 3-орунду ээледи. Түртүп көтөрүүдө Пиццолато эки жолу 212 килограммдык штанганы көтөрө албай калса, үчүнчү ирет аракети ишке ашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: