Париж-2024. Кыргыз балбаны Айаал Лазарев коло үчүн күрөшөт
Париждеги Жайкы Олимпиадада 125 килограммдык салмакта күч сынашкан кыргызстандык Айаал Лазарев коло үчүн күрөшөт. Ал жубатуучу мелдештин биринчи айлампасында канадалык Амарвир Дхеси менен беттешип, аны 5:0 эсебинде жеңип алды.
Белгилей кетсек, кыргыз балбаны Париждеги Олимп оюндарында 1/8 финалда жеңилүү ызасын тартып калган. Ал бул баскычта дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган Ирандын балбанына утулган. Ал финалга чыгып, Лазарев коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.