super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Бразилиянын президентине авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты

 

Бүгүн, 10-августта өлкө башчысы Садыр Жапаров Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силвага көптөгөн адамдардын өмүрүн алган трагедияга байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

"Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы учак кырсыгынан улам адам курмандыктары тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, биз Бразилия эли менен ар дайым тилектеш экенибизди билдирем.

Бул оор күндөрү биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат телеграммада.

Белгилей кетсек, Бразилияда адам өмүрүн алган авиакырсык катталган. Кырсыкка учураган учакта 58 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгондугу маалыматта белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: