super.kg logo

Японияда 9 баллдан аша турган жер титирөө катталышы мүмкүн

 

Япония бийлиги Нанкай жаракасында күтүлүп жаткан өтө күчтүү жер титирөөгө даярданууда. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдагандай, Япониянын метеорологиялык агенттиги тарыхта биринчи жолу "мега титирөө эскертүүсүн" жарыялады. Агенттиктин кызматкерлери 29 префектурадагы 707 муниципалитетти жер титирөө кесепеттеринен сактануу боюнча даярдыгын текшерүүгө чакырды.

Сейсмологдор жер титирөөнүн так мөөнөтүн айткан эмес, бирок тургундарга жакынкы апталарда даяр турууну сунушташкан.

Белгилей кетсек, эки күн мурун Япониянын Кюсю аралынын чыгыш жээгине жакын жерде күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анда 16 адам жабыркагандыгы айтылган.

Мындай кырдаалдан улам Япониянын премьер-министри Фумио Кисида 9-12-августка Казакстан, Өзбекстан жана Монголияга пландалган иш сапарын токтоткон.

Нанкай жаракасы Тынч океандын түбү менен Сидзуока префектурасынан Сикоку жана Кюсю аралдарына чейин созулат.

Катуу жер титирөөнүн магнитудасы Рихтер шкаласы боюнча 9,0 баллдан ашышы мүмкүн экендиги маалыматта кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: