super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Айсулуу менен Айперинин атаандаштары белгилүү болду

 

Бүгүн, 10-августта Париждеги Олимп оюндарынын алкагында кыз- келиндер арасында күрөштө Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн, Айпери Медет кызы жарым финалда күч сынашат.

Белгилүү болгондой
кыргыз балбан айымы Айсулуу монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж менен беттешет.

Ал 62 килограмм салмакта 1/8 финалда эки жолку Африканын чемпиону болгон нигериялык Эстер Колаволе аттуу 22 жаштагы балбан кыз менен кез келген. Аны 5:1 эсебинде уткан.

Ал эми чейрек финалда америкалык Кайл Миракл менен кез келип, беттеш 6:6 эсепте Айсулуунун жеңиши менен жыйынтыкталган.

Жарым финалда Айсулуу Тыныбекова үчүн жемишсиз болуп, украиналык Ирина Коляденко аттуу балбанга жеңилип калган.

Ал эми Айпери Медет кызы америкалык Кеннеди Блейдс менен жарым финалда беттешет.

Кечки беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15де башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: