super.kg logo
  Спорт  

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова камбэк жаратып, Кыргызстанга төртүнчү коло медалды алып келди (видео)

 

Атактуу кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында укмуштуудай жеңишке жетти.

Тыныбекова коло байге үчүн монголиялык балбан менен кез келип, беттеш бүтөрүнө 20 секунд калганда 6:2 эсебинде жеңилип жатып, атаандашына 4 упайлык ыкма жасады.

Жыйынтыгында эсеп 6:6 болуп, Айсулуу Тыныбекова кооз ыкма жасаганы жана акыркы болуп упай алганы үчүн жеңишке жетти.

Муну менен легендарлуу Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасында Кыргызстандын куржунуна 5-медалды (төртүнчү коло) алып келди.






Айсулуу Тыныбекова укмуштуудай жеңишке жетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: