super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Кумтөр" боюнча макулдашууну колдойм, бирок бул боюнча өкмөт жооп берерин айттым"

 

Парламентте бүгүн, 26-декабрда  "Кумтөр" маселеси каралууда. Депутаттар кыргыз өкмөтү менен канадалык "Центерра Голд.Инк" компаниясынын акцияларды  50х50 пайыздык үлүш менен бөлүшүп, биргелешип иш алып баруу тууралуу долбоорду талкуулашууда. 

Анда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Мен макулдашууну колдодум, бирок өкмөтүн талкуусунда токтом боюнча Жогорку Кеңеште жооп беришибиз керектигин айттым” деп билдирди. 

Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматы угулууда. 

- 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө”;

- 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V “2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу”;

- 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө”;






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: