Тарых! Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстанга экинчи күмүш медалды алып келди
Бүгүн, 11-августка караган түнү Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында бокс боюнча финалдык беттештер уланды.
Анда Олимпиадага 57 килограмм салмакта катышкан кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу финалда коңшу өзбекстандык Абдумалик Халоков аттуу балбан менен кез келди.
Кыл чайнашкан беттеш өтүп, анда калыстар жеңишти өзбекстандык мушкерге ыйгарышты.
Муну менен Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасынын күмүш медалына ээ болду.
Бул Кыргызстан үчүн тарыхый күмүш медаль. Буга чейин кыргыз боксунун тарыхында эч ким Олимпиада медалын уткан эмес.
Мунарбек Сейитбек уулу финалда жеңилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.