super.kg logo
  Спорт  

“27 жылдык өмүрүмдү арнадым”. Карьерасын жыйынтыктаган Айаал Лазарев билдирүү калтырды

 

Кыргыз балбаны Айаал Лазарев Париждеги Олимп оюндарында коло байге үчүн беттеште түркиялык балбанга утулуп калган. Беттештен кийин эки балбан бирдей күрөштөгү карьерасы бүткөнүн жарыялап, спорттук бут кийимдерин чечип, килем үстүнө коюшкан.

Айаал Лазарев үчүн Парижде өтүп жаткан XXXIII Жайкы оюндары үчүнчү Олимпиадасы болду. Ал 5-орунду ээледи.

Кыргыз балбаны өз социалдык баракчасында билдирүү калтырып, 27 жылдык спорттогу өмүрүнө колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык айтты.

“Өкүнүчтүү, бирок ошол эле учурда татыктуу 5-орун. Жашоомдогу эң манилүү бир бөлүк дал ушинтип бүттү. Ар бир нерсенин башталышы жана аягы бар. Бул спорттун түрүнө 27 жылдык өмүрүмдү арнадым. Бала кезимден Олимпиада чемпиону болом деген кыялымды орундата алган жокмун, бирок бүтүндөй күч аракетимди жумшадым. Ошентсе да Кудай мага оор салмактагы балбан катары өтө узак, кызыктуу, унутулгус карьераны тартуулады. Кудайга ыраазымын жана жанымда колдоп жүргөндөргө рахматымды айтам”, - деп калтырган билдирүүсүндө.






“27 жылдык өмүрүмдү арнадым”. Карьерасын жыйынтыктаган Айаал Лазарев билдирүү калтырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: