super.kg logo
  Спорт  

Дмитрий Бивол Мунарбек Сейитбек уулунун тарыхый күмүш медалына реакция жасады

 

Жеңил салмактагы бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол социалдык баракчасынан кыргыз-өзбек мушкерлерин куттуктап, билдирүү жасады.

Анда кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулун күмүш медалы менен, ал эми өзбекстандык спортчу Абдумалик Халоковду алтын жеңип алгандыгы менен куттуктады.

Ал өз куттуктоосун жалпы кыргызстандыктарга жолдоду.

“Олимп оюндарынын күмүш медалы! Жалпы кыргызстандыктарды куттуктайм”,- деп калтырган билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Парижде өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимп оюндарында 57 килограмм салмакта катышкан кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыгып, күмүш медаль утуп алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: