super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өкмөтү Айсулуу менен мушкер Мунарбекке канча сый акы берет?

 

Кыргыз балбан айымы Айсулуу Тыныбекова Парижде өткөн Олимп оюндарында коло медалды күрөштүн акыркы мүнөттөрүндө сууруп алып, жеңишке жетти. Ал эркин күрөш боюнча турнирге 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан.

Ал эми Кыргызстандын бокс тармагында тарых жараткан Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарында 2-орунду камсыздады. Эми ал күмүш медаль менен мекенге кайтат.

Министрлер кабинети Парижден алтын алгандарга 10 миллион, күмүшчүгө 7 миллион, ал эми коло медаль уткан спортчуларга 5 миллион сомдон берүүнү убадалаган.

Эми Париж Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшүндө коло уткан Айсулуу Тыныбекова 5 миллион, кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу 7 миллион сомдон сый акы алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: